"Туңгуч" онлайн мектеби тил үйрөтүүгө, окуучуларды олимпиадага даярдоого укук алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети "Туңгуч" онлайн мектебинин функцияларын кеңейтти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 10-июнда кол койгон токтомго ылайык, онлайн мектеп эми окуучуларды олимпиадага даярдоочу тереңдетилген окутуу программаларын ишке киргизет, тил үйрөтүүчү курстарды ачат жана башка мектептердин окуучуларын да тарта алат.

Тагыраак айтканда окуучуларды республикалык жана эл аралык олимпиадага даярдоо үчүн онлайн окутууну уюштурат жана олимпиадалык резерв түзөт. Андан тышкары мамлекеттик, расмий тилдерди камтыган башка чет тилдерди тереңдетип, тез үйрөтүүчү форматта онлайн курстарды жүргүзөт. Ошондой эле башка мектептердин окуучуларына да мугалим жетишпеген сабактарга, курстарга же модулдарга онлайн катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Онлайн окутуунун жыйынтыгы жана баалоо мамлекеттик билим берүү тармагына, анын ичинде "Күндөлүк" автоматташтырылган системасына берилет. Ал эми башка билим берүү мекемелери бул жыйынтыктарды таанууга милдеттүү.

Токтом менен онлайн мектепке окутуунун моделин тандоо укугу да берилди. Ага ылайык, окутуу предметтик, тьютердик, аралаш же башкача болушу мүмкүн. Окутуу моделдери пилоттук долбоордун жүрүшүндө токтомго жаңы өзгөртүүлөрсүз, долбоордун максатын жана милдеттерин сактоо менен такталышы мүмкүн.

Онлайн сабактардын мөөнөтү электрондук материалдарды үйрөнүү темпине жараша аныкталат. Ал окуучулардын жашына, сабакка жана окуту усулуна жараша айырмаланышы ыктымал.

"Туңгуч" мектеби ошондой эле олимпиадалык даярдык үчүн өзүнчө класс, тайпа же билим берүү агымдарын, жеке жана топтук интенсивдүү курстарды, онлайн лагерлерди жана окуу турларын түзүү укугун алды. Окуучулардын даярдык деңгээлине жана окуу максатына жараша тил курстары үчүн өзүнчө класстар жана агымдарды ача алат.

2025-2026-окуу жылында сыртта жүрүп, мектепке кире албай калган балдар үчүн Кыргызстанда “Туңгуч” онлайн мектеби түзүлгөн. Тиешелүү чечим былтыр 19-мартта Министрлер кабинетинде кабыл алынган. Бул жакка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же болбосо ата-энеси менен бирге сырткы миграцияда жүргөн балдар кабыл алынары кабарланган.

2025-2026-окуу жылында бул мектепте 2386 бала кабыл алынган.

Онлайн мектепте окутуу кыргыз тилинде жүрөт. (ZKo)

Дагы караңыз

Uzbekistan Airways Орусияга каттамдарын кыскартатАКШда ФСБ менен кызматташкан орусиялык жаран 14 айга кесилдиАктивист Мавлян Аскарбеков "кастыкты козутууга" шектелип кармалды"Куракка" тыюу салуу цензурабы?