Өзбекстандын улуттук Uzbekistan Airways аба компаниясы Орусияга айрым каттамдарын кыскартарын билдирди. Ишкана буга күйүүчү майдын таңкыстыгы жана баасы кымбаттаганы себеп болгонун түшүндүрдү.
Компания кайсы багыттар боюнча каттамдар азайа турганын тактаган жок. Ошол эле учурда каттамдан алынган рейстердин жүргүнчүлөрүнө ошол эле каттамдын жакынкы аралыктагы башка рейстеринен орундарды акысыз брондоо же билет акысын айып пулсуз толук кайтарып алуу сунушталды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, өзгөрүүлөр Москва жана Санкт-Петербург шаарларына каттамдарда да болушу мүмкүн. Аба компаниясынын басма сөз кызматы өзгөртүүлөр максаттуу түрдө киргизилип жатканын жана алардын мөөнөтү каттамга жараша айырмаланышы ыктымалдыгын билдирди.
Июндун башында Орусия авиациялык керосинди экспорттоого ноябрдын аягына чейин убактылуу чектөө киргизип, муну күйүүчү майды ички рынокто турукташтыруу зарылчылыгы деп түшүндүргөн. Ошол эле убакта Өзбекстандын Энергетика министрлиги авиа керосин импорттоо Москва менен Ташкенттин ортсундагы өкмөттөр аралык келишимдин алкагында уланып жатканын маалымдаган.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам, дүйнөлүк базарларда отундун баасы көтөрүлүп, күйүүчү май менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап жатат. Бул фактор авиа керосин базарына да таасирин тийгизүүдө.
Шерине