Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 14-июнь күнү, саат 05:11де Токтогул өрөөнүнүн аймагында жер титиреди. Силкинүүнүн күчү 3,5 баллды түздү.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Шиленкана айылынан түндүк-чыгыш тарапты көздөй 6 чакырым, Торкен айылынан түндүк-чыгышты көздөй 19 чакырым, ал эми Токтогул шаарынан 36 чакырым аралыкта болгон.
Силкинүүнүн күчү Шиленканада 3.5 балл, Кара-Жыгач, Торкен, Толук, Коргон, Бел-Алды, Сары-Сөгөт айылдарында - 3 балл, Үч-Терек, Саргата, Кетмен-Төбө, Жар-Таш, Чогорчу, Ничке, Ноот айылдарында жана Токтогул шаарында 2,5 баллды түздү.
Баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Сейсмология институтунун расмий сайтында күн сайын өлкө аймагында жер силкинүү тууралуу маалыматтар жаңыртылып, жарыяланып турат. Андагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда дээрлик күн алыс эле жер силкинет.
Улуттук илимдер академиясы Кыргызстанда жыл сайын 9200дөй майда жер титирөө катталарын билдирген. Бул көрсөткүчтүн эң жогорку деңгээли 2016-жылы катталган, анда 16 миң жер титирөө болгонун адистер эсептеп чыгышкан. (ZKo)