Укук коргоочу Азиза Абдирасулова өзүнө телефондон коркутуу болуп жатканын билдирди

Азиза Абдирасулова

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) жана Ноокен райондук милициясынан деп тааныштырган белгисиз адамдар телефон чалып, коркутуп жатышканын айтууда.

Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, кийинчерээк "Азаттыкка" да ырастады:

"Мага УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынанбыз деп телефон чалгандар "сизге кат бар, ошону алганы келиңиз" дешти. Ал эми Ноокен райондук милициясынанбыз деп чалгандар милиция бөлүмүнө барышымды талап кылышты. Себебин сурап, "эмне үчүн? кайсы берененин негизинде барышым керек?" деп сурап, расмий чакыруу талап кылсам, "жөн эле аңгемелешүүгө келесиз" дейт. Кыскасы Фейсбукка жазганым постумдан кийин менин артыман аңдуу башталды. Жолдошум жакында автоунаасын алмаштырган болчу, ошол машинесине чейин аныктап, кызыгышканын жашырышкан жок".

Азиза Абдирасулова атайын кызматтан жана милициядан куугунтуктоолор жарандык активист Мавлян Аскарбеков камалганына байланыштуу Фейсбукка жазган постторунан кийин башталганын белгиледи. Укук коргоочу ал посттордо мыйзам бузуу жоктугун айтып жатат.

Абдирасулованын соңку билдирүүлөрүнө атайын кызмат, милиция, ИИМ азырынча комментарий бере элек.

Азиза Абдирасулова отуз жылга жакын убактан бери укук коргоочулук менен алектенет. Ал түзгөн "Кылым шамы" бейөкмөт уюму 2002-жылдан бери өлкөдөгү саясий, социалдык жана башка окуяларга, шайлоолорго, жабык жайлардагы, армиядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзүп, адам укугун коргоо жаатында иштеп келген.

Бир нече жыл мурун уюмдун жетекчилигин кызына өткөрүп берген Абдирасулова 2024-жылы укук коргоочулук ишмердигине байланыштуу өмүрүнүн коопсуздугу үчүн мекенинен чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген.

Бир жылга чамалуу убактан соң, өлкөгө кайтып келген.

Быйыл 21-январда Азиза Абдирасуловага Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгы ыйгарылган. Еврокеңештин билдирүүсүндө Абдирасулованын Борбор Азиядагы “адам укуктарынын системалуу бузулушун ачыкка чыгаруудагы теңдешсиз аракеттери”, өзгөчө абактагылардын укуктарын, жарандардын эркин чогулуу укуктарын коргоо, кыйноолорго каршы күрөштөгү талбас эмгеги жогору бааланганы белгиленген. (ZKo)

Дагы караңыз

Түркия-Өзбекстан аскердик кызматташтыгы: Борбор Азияга кандай таасир этет? Токтогулда күчү 3,5 баллдык жер титирөө катталды АКШда ФСБ менен кызматташкан орусиялык жаран 14 айга кесилди"Туңгуч" онлайн мектеби тил үйрөтүүгө, окуучуларды олимпиадага даярдоого укук алды