АКШнын Калифорния штатында B-52 стратегиялык бомбалоочу учагы кыйрады.
Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары өртөнүп жаткан сыныктардын видеосун жарыялоо менен билдиришти. Учак Эдвардс авиабазасынан асманга көтөрүлгөндөн кийин көп өтпөй эле кырсыкка учурап, аэродромдун аймагына кулаганы кабарланууда.
Учурда куткаруу операциясы жүрүүдө. Жаңылык жарыяланган учурга карата бортто канча адам болгону жана учкучтардын аман калганы же калбаганы тууралуу маалымат бериле элек. Адатта B-52 учагынын экипажы беш адамдан турат. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.
B-52 – өзүнө өзөктүк куралдарды алып жүрүүгө жөндөмдүү, алыска учуучу бомбалоочу учак. Мындай учактар АКШнын Аскердик-аба күчтөрүндө алгач ирет 1950-жылдары пайда болгон. Бир нече B-52 учагы Иранга каршы операцияга да катышкан.
Буга чейин дал ушул күнү, 15-июнда, Орусиянын Иркутск облусунда ТУ-22М3 бомбалоочу учагы кулады. Ал жакта учкучтар аман калганы кабарланган.