Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү өтүнүчү менен активисттин жакындары Бишкек шаар сотуна кайрылышты. Бул тууралуу Мавлян Аскарбековдун бир тууганы Бакыт Аскарбеков "Азаттыкка" билдирди.
Анын сөзүнө караганда, апелляциялык арыз Бишкек шаар сотуна бүгүн 16-июнда адвокаты аркылуу берилди.
Мавлян Аскарбековду Бишкектин Ленин райондук соту 13-июнда эки айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
Адвокаты Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде айып тагылып жатканын билдирген.
Активист кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү Аскарбеков Фейсбуктагы баракчасына ал тууралуу провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМК кызматкери барганын жазган.
47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген активисттердин бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген.(ZKo)