17-июндун аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

17-июнда түнкүсүн Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 16-июнда эртең менен 19,4 градус болду.

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасынан мал айдап өтүүгө бөгөт коюлду"Салык саясаты адилет болсо". Блогерлерге жеңилдик демилгеси талкуу жараттыАкыйкатчы Анкарада кармалган кыргызстандык жаран боюнча Түркиянын Омбудсменине кайрылдыМедициналык китепчелер электрондук форматка өткөрүлөтПрезиденттин администрациясында катчылык кызматы түзүлөт