Кыргызстанга расмий сапар менен Албаниянын президенти Байрам Бегай келет. “Ынтымак ордодон” билдиришкендей, президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен боло турган сапар 17-19-июнга белгиленген.
“Сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт, ошондой эле экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка багыттарда мындан аркы өз ара аракеттенүү жөнүндө пикир алмашышат”, - деп жазылган билдирүүдө.
Бул Албания президентинин Кыргызстанга алгачкы расмий сапары.
Байрам Бегай 16-июнда Өзбекстанда барды. Ал өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады.
Албания Балкан жарым аралынын түштүк-батышында жайгашкан европалык өлкө. 2,7 миллион калкы бар мамлекет 2009-жылдан бери НАТОнун мүчөсү жана Евробиримдикке кошулууга расмий талапкер.
2024-жылы эки өлкө ортосунда дипломатиялык жана кызматтык паспорту барларды виза талаптарынан бошотуу тууралуу келишим кабыл алышкан.
2025-жылы Албаниядагы кыргыз элчиси Руслан Казакбаев Тиранада бир катар жолугушууларды өткөрүп, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган.