Орусияда бензин тартыш болууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын дрондору Орусиянын мунай тармагына сокку урууну улантып жатат. Бул жолу чабуул Москвадагы мунай иштетүүчү заводго коюлду. Фронттон жүздөгөн чакырым алыстыктагы объектилерге урулган соккулардын кесепети Орусиянын ички рыногунда да сезилип жатат.

Украинанын дрондору Орусиянын мунай тармагына сокку урууну улантып жатат. Бул жолу чабуул Москвадагы мунай иштетүүчү заводго коюлду. Фронттон жүздөгөн чакырым алыстыктагы объектилерге урулган соккулардын кесепети Орусиянын ички рыногунда да сезилип жатат. Бир катар аймактарда бензин тартыштыгы күчөдү. Эң оор кырдаал аннексияланган Крымда түзүлдү. Күйүүчү май таңкыстыгын жоюу үчүн Москва айрым заводдорго сапаты төмөн бензин чыгарууга уруксат берди.