"Чоң жетиге" мүчө мамлекеттер Францияда өткөн саммитинде Орусиянын газ жана мунай продукциясына каршы жаңы санкция киргизүүнү макулдашканын 17-июндагы билдирүүсүндө жарыялашты.
"Орусиянын аскердик экономикасына басымды күчөтүүгө милдеттенебиз. Бул контекстте биз санкцияларыбызды, анын арасында мунай-газ секторуна каршы чараларыбызды күчөтөбүз", - деп айтылды билдирүүдө.
Москвага каршы жаңы санкциялар үчүн "ылайыктуу учур" келгени, анткени АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен Ормуз кысыгын ачуу тууралуу макулдашууга жетишкени белгиленди. Бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунай базарындагы продукциянын орчундуу бөлүгү өтөт.
"Чоң жетинин" лидерлери "өз эркиндигин, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн" коргоп жаткан Украинага колдоо көрсөтүүдө "бир муштум" экенин экенин билдиришти.
Аталган бирикмеге Германия, АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Жапония жана Канада мүчө.