Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкери Азамат Дыйканбаев кармалып, камакка алынганы кабарланды. Аскер прокуратурасы Д. А. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4.4 бөлүгү ("Кызмат абалынан пайдалануу менен алдамчылык кылуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын 17-июнда ырастады.
Социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы, тагыраагы, күйөө баласын экенин жазып жатышат.
Анын тарапташтары же жактоочулары азырынча комментарий бере элек.
Шектүү Манас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул иш боюнча тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аскер прокуратурасы иштин чоо-жайын ачыктаган жок.
Азамат Дыйканбаев мурда УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгында иштеген.
Айрым маалымат каражаттары ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы болуп иштеп жүрүп кийинчерээк Жалал-Абад облустук башкармалыгында бөлүм башчылыкка дайындалганын жазышты.
Азамат Дыйканбаев Манас шаарында жергиликтүү ишкерге таандык автоунааны мыйзамсыз менчиктеп алганы тууралуу маалымат соцтармактарда тараган. Бирок укук коргоо органдары ал маалымат боюнча расмий комментарий берген эмес.
Учурда "75чилердин каты" деген иш боюнча "бийликти күч менен басып алууга" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга" айыпталып, иши сотто каралып жаткан Камчыбек Ташиев 10-февралда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен УКМК төрагалыгынан бошотулган. Ал кызматтан кеткенден кийин атайын кызматта реформа башталганы жарыяланган. Жети адам УКМК системасынан кетирилгенин, андан сырткары 83 киши кызматынан бошотулуп, 13ү тартип жазасына тартылганын, алты киши атайын кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылганын коопсуздук кызматынын азыркы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков айткан.(ZKo)