"75чилер каты" боюнча сот башка күнгө жылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

18-июнда Биринчи май райондук сотунда “75чилердин иши” боюнча кезектеги отурум айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаев келбей калгандыктан башка күнгө жылды.

Ал арада Жогорку Кеңеште бир нече депутат эл өкүлү Элвира Сурабалдиева аталган соттук иште күбө катары көрсөтмө бергенде басымга кабылганын айтып чыгышты. Төрага Марлен Маматалиев да кеп болуп жаткан кат парламентке кантип киргизилгенин кененирээк түшүндүрүп берди. Соттук иштин айланасындагы талкуу күндүн башкы темасы бойдон калууда.