Европа Биримдиги (ЕБ) Орусияга Украинадагы агрессивдүү согушу үчүн киргизген санкциялардын мөөнөтүн буга чейин жарым жыл сайын узартып келген болсо, 18-июнда Брюсселде өткөн саммитинде бир жылга узартууну макулдашты. Эми тийиштүү мыйзам долбоорун жакынкы апталарда Евробиримдик Кеңеши карап чыгышы керек.
Буга чейин санкциялардын мөөнөтүн узартуу маселесине келгенде Венгриянын ошол кездеги премьер-министри Виктор Орбандын позициясынан улам азыркыдай чечим кабыл алынбай келген. Жаңы өкмөт башчы Петер Мадьяр узартууну колдоду.
Орусиянын Украинага каршы согушу жөнүндөгү декларацияны бул жолу Еврошаркеттин бардык 27 мүчөсү колдоду. Ага да буга чейин Орбан каршылык көрсөтүп келген. Жаңы декларацияда биримдик "Орусияга басымды азыркыдан да күчөтүү, агрессивдүү жана ырайымсыз согушун токтотушу жана мазмундуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө киришүүсү үчүн анын аскердик экономикасын алсыратуу" ниетин билдирди.
Ошону менен катар Орусиянын мунай сатуудан, анын ичинде "көмүскө флоттун" жардамы менен киреше табуусун мындан ары кыскартуунун маанилүүлүгү белгиленди.