Арча-Бешиктеги эркек балдардын медресесинде окуган 18-19 жаштагы 37 улан тамакка ууланып, Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылышты. Алардын ичинен ону ооруканага жаткырылып, калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйүнө жиберилди.
Маалыматты оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" тастыктады. Анын айтымында, тамакка ууланган бейтаптардын алгачкысы 18-июнда саат 12:00лерден тартып кайрыла баштаган.
"18-июнда саат 12:00 ченде алгачкылары кайрылышты. Бүгүн саат 8:00ге чейин жалпы 37 адамга жетти. Бардыгы бир медресенин студенттери, 18-19 жаштагы уландар. Бирөө кечээ оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, бүгүн абалы бир аз жакшыраак", - деди Алиев.
Башкы дарыгердин сөзүнө караганда, студенттер окуу жайдын ашканасынан оливье салат жегенин айтышкан. Бардык тийиштүү анализдери алынып, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине жиберилди.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти азырынча бул окуя боюнча маалымат бере элек.
Студенттери тамакка ууланганы айтылып жаткан Абдуллах ибн Масъуд атындагы медресе да окуяны комментарийлеген жок.
Кыргызстанда күн ысышы менен тамак-ашка уулануу көп катталат. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тамак-аштан ууланууну алдын алуу максатында тамак ташуучу компанияларга жана коомдук тамактануучу жайларга эскертүү берген.(ZKo)