Трамптын Иран менен макулдашуусу жана 2015-жылкы өзөктүк келишим

АКШ жана Иран өз ара түшүнүшүү меморанумуна кол койду

Согушту токтотууга жана Ормуз кысыгын ачууга багытталган АКШ-Иран макулдашуусун 2015-жылы ал кездеги президент Барак Обама Тегеран менен түзгөн атомдук программа боюнча келишим менен салыштырышканы боло турган иш.

Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы (JCPOA) андан кийинки президент Дональд Трамптын сынына кабылып, өлкө 2018-жыл андан чыгып кеткен. Трамп анын келишими алда канча жакшырак болмок деп кайталап келди.

17-июнда Версалда кол коюлган алдын ала макулдашууга ылайык алдыдагы 60 күндүн ичинде бир топ маселелер талкууланмакчы.

“Ушунчалык эле оңой болсо биз бул маселени эки согуш мурун чечмекпиз”, - деп айтты “Азаттык” радиосуна Эл аралык кризис тобунун Иран боюнча серепчиси Найсан Рафати. Кеп былтыр июнда болгон 12 күндүк согуш жана быйыл 28-июнда тутанган куралдуу жаңжал тууралуу жүрүүдө.

“Ирандын өзөктүк программасынын пайдубалы былтыркы июндан бери JCPOA учурундагыдан өзгөрдү”, - деп кошумчалады эксперт.

Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттердин планы (JCPOA) деген эмне?

2015-жылдан бери бир нерсе гана өзгөргөн жок. Иран атомдук курал жасоого умтулганын ар дайым четке кагып келгени менен өлкөдө жарандык максаттарга зарыл даражадан жогору байытылган уран кору бар.

Бул – ошол маалда да, азыр да негизги маселеге айланган.

2015-жылкы келишимге камтылган негизги шарттарга ылайык, Иран 98% байытылган урандын корун өлкөдөн чыгарууга, болочокто уранды курал жасоого жараган деңгээлден төмөн даражада байытууга, айрым центрифугаларды тоңдуруу жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин инспекторлоруна ошол милдеттенмелердин аткарылышын текшерүүгө уруксат берүүгө макул болгон.

Дагы караңыз

"Алгачкы сыноого кабылган жараян". Күттүргөн АКШ–Иран сүйлөшүүлөрү

Документте көптөгөн техникалык деталдар белгиленген. Мисалы уранды кайсы даражага чейин байытса болору, байытылган материалдын көлөмү, аны сактоо жайлары, центрифугалардын моделдерине чейин жазылган. Мындан тышкары Иран өзөктүк курал чыгарууга умтулбасына убада кылган.

Бул үчүн Тегерандын атомдук программасына байланышкан эл аралык санкциялар текшерүүдөн кийин алынмак. Ал эми Ирандын Жакынкы Чыгыштагы куралчан прокси топторун колдогону, ракета программасы же адам укуктарын бузганы үчүн киргизилген жазалоочу чараларды алуу каралган эмес.

Ислам жумуриятына ошондой эле камакка алынган активдерин колдонуу уруксаты берилген. Анын өлчөмү, ар кайсы санактар боюнча 50-100 млрд доллардын айланасында болчу.

БУУнун Коопсуздук кеңеши жактырган макулдашууда талаш-тартыштарды жөнгө салуу мехнизми белгиленген жана мөөнөтү 2030-жылга чейин деп көрсөтүлгөн.

Конгресстеги айрым республикачылар менен демократтар документке саясий каршылыгын билдирген. Мыйзам чыгаруучулар Ирандын ядролук программасын чектебестен, толугу менен токтотуш керек эле деп сындашкан.

Башкалары документке ядролук программадан тышкары башка олуттуу маселелердин камтылбаганын белгилеген.

Иранга каршы санкциялар 2016-жылы январда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик текшерүүнүн бүтүмүн чыгаргандан кийин алынган. 2017-жылы Вашингтон Иран макулдfшуунун бардык шарттарын аткарууда деп эки жолу бышыктаган.

Согушка карай жол

2018-жылдын май айында президент Трамп ал келишимден чыгып кетип, аны “начар, бир тараптуу” деп атаган.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин маалыматына караганда, 2020-2021-жылдары Иран центрифугалардын санын көбөйтүүгө, уран байытууну күч алдырууга киришкен. Ошондон кийин Британия, Франция жана Германия Тегеран JCPOA шарттарын сактабай калганын билдиришкен.

Өткөн жылдын июнунда Израиль жана АКШ Иран атомдук курал жасоого жакындаганын айтып, өлкөнүн ядролук жайларына сокку урган. Кийи Пентагон ал операция Ислам жумуриятынын программасын эки жылга артка таштады деп баалаган, ошол эле маалда зыяндын масштабы тууралуу карама-каршы маалыматтар айтылып келди.

“Ирандын өзөктүк жайлары жана ал тармакта эмгектенген жогорку кызматкерлер олуттуу зыян тартты. Биз бомбаланган жайларда инспекция жүргүзгөн эмеспиз. Эл аралык агенттиктин кызматкерлери бир нече объектке барып кеткени менен операциянын негизги максаты болгон уран байытуу ишканаларын текшере алган эмес”, - деп айтты Рафати.

Былтыркы июндагы жаңжалдан кийин Иран агенттиктин мониторинг жүргүзүүсүн чектеген. Былтыр сентябрда JCPOA программасынын дагы бир беренеси күчүнө кирди. Ага ылайык, Иран шарттарды аткарбаганы үчүн БУУнун санкциялары кайра киргизилген. Бул кадамга жогоруда сөз болгон европалык үч өлкө демилгечи болгон.

Дагы караңыз

АКШ менен Иран мунаса тапты

Анын алдында Тегеран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин инспекторлорун киргизүү жана байытылган урандын запастары тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруудан баш тарткан.

Былтыркы уруштан кийин Иран менен АКШ өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнү жандандырып, 28-февралда уруш башталганда токтоп калган.

Эми эмне болот?

Трамп менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 17-июндун кечинде кол койгон өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумда АКШ Ирандын мунай секторуна салынган санкцияларды алууга тийиш деп айтылат. Ал эми кеңири санкциялар жана тоңдурулган активдерди Тегеран жогору деңгээлде байытылган урандын запасын Эл аралык агенттиктин көзөмөлү астында азайтууга байланышкан милдеттенмелерин аткаргандан кийин алынмакчы.

Уранды байытуу маселеси мындан аркы сүйлөшүүлөрдө талкууланмакчы. Муну менен катар Иран “өзөктүк куралды жасабайт жана сатып албайт деп ырастады”.

2015-жылкы макулдашуудай эле, бул жолку меморандум айрым конгрессмендердин, анын ичинде республикачыл мыйзам чыгаруучулардын сынына кабылды. Алар Вашингтон өтө көп чегинүүгө барганын, көп нерсени талап кылбаганын айтышат.

Демократияны коргоо фондунун улук аналитиги Макс Мейзлиштин пикиринде, мунайга салынган санкциялардын алынышы кооптондурат.

“Иран олуттуу реформа жүргүзбөсө, АКШнын Конгресси оңой менен багынып бербейт. Муну алдыда көрөбүз. АКШ эмнеге умтуларын алдыда көрө жатарбыз”, - деп кошумчалады аналитик алдыдагы сүйлөшүүлөр жөнүндө кеп кылып.

Мейзлиш ошондой эле Ирандын “башка карсанатай аракеттери” – ракета программасы жана АКШда террордук деп таанылган “Хезболла” өңдүү топторго колдоосу тууралуу айтылбаганын сындады.

JCPOA да ушундай эле жүйө менен сынга туш болгон.

Эки согуштун кесепетинен улам Ирандын экономикасы зыян тарткан жана өзөктүк жайлары бүлүндүгө учураган азыркы кырдаал 2015-жылдагыдан абдан айырмаланат. Бул жолку жаңжал өз ара ишенимге көлөкө түшүрүп, сүйлөшүүлөрдү ого бетер татаалдаштырды.

JCPOA программасы Иран менен АКШ ортосундагы гана жараян болгон эмес. Дээрлик эки жылга созулган сүйлөшүүлөргө Орусия, Кытай, Британия, Франция жана Германия катышкан.

Дагы караңыз

АКШ-Иран макулдашуусунун чоо-жайы ачыкталды

Өз ара түшүнүшүү меморандумунда 60 күндүн ичинде тараптар келишим түзүүгө аракеттенери айтылган. Бирок бул мөөнөт узартылышы ыктымал.

Рафатинин айтымында, бул жолку сүйлөшүүлөр мурдагыларга караганда техникалык жактан татаалырак болмокчу:

“Аларды өзөктүк куралды жайылтпоо жана санкцияларды алуу маселелерин терең изилдеген эксперттер делегациясы коштоп барабы? Андай техникалык делегация буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн бардыгына болбосо да айрымдарына катышкан. 60 күндүн ичинде бул жараянды жыйынтыктайбыз деп умтулушса, эки тараптан тең туруктуу, ыйгарымдуу жана техникалык жактан компетенттүү эксперттер тобу болууга тийиш".

Макаланын автору Ray Furlong