Нөшөрлөгөн жаандан улам Кадамжай районунда сел жүрдү

Видеодон алынган скрин сүрөт.

20-июнда кечке жуук Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме сел Тамаша-Сай аймагынан агып түшкөнүн, сай аркылуу өз нугунда акканын, үйлөргө, мал жандыктарга зыян бербегенин жазды.

Анын алдында жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” билдиргендей, сел Кызыл-Булак айылы менен Тамашанын ортосундагы жолду алып кеткен. Алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барышканын, сел токтогон соң тазалоо иштери башталарын маалымдашкан.

ӨКМ 18-22-июнь күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Соңку айларда Кыргызстанда нөшөрлөгөн жаандан улам жер-жерлерде сел жүрүп жатат. 5-июнда түнү Ысык-Көл облусунда сел жүрүп, анын айынан эки киши каза болгон. Тоонун боору урап түшүп, сел суусуна кошулуп баткак түрүндөгү ылай Балыкчы – Ананьево – Каракол жолунун 92-чакырымын жана 1 Мерседес Спринтер, 1 Форд Мондео унааларын, андагы эки эркек кишини басып калган.

Дагы караңыз

Варшава Зеленскийди орденден ажыратты, Украинада жетекчилер польшалык сыйлыктардан баш тартууда Зеленский Лукашенкодон чек ара аймагындагы ретрансляторлорду алуусун талап кылдыУкраина дрон жана авиабомба менен аткыланды, адам өмүрү кыйылдыЫсык-Көл форумунда он маселеден турган резолюция кабыл алынды