20-июнда Ош жана Баткен облустарынын аймагында нөшөр жаандан улам сел жүргөнүн жергиликтүү бийлик органдары кабарлашты.
Баткен аймагында, облустук милиция кабарлагандай, Баткен районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Көк-Таш айылында, Дахма жана Эки-Таш участокторунда сел жүрдү.
Дахмада жана Көк-Таш айылында короолорду суу каптап, айрым үйлөрдүн ичине чейин кирген.
"Окуя болгон жерге дароо чыккан Баткен РИИБдин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери сел кирген үйлөрдү кыдырып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо иштерин жүргүзүштү. Алар жаш балдарды коопсуз жайларга эвакуациялап, тургундарга жардам көрсөтүштү. Мындан сырткары, эс-учун жоготкон жарандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы чакырылды. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Баткен. 2026-жылдын 20-июну.
20-июнда кечке жуук Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөнү кабарланган. Жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” билдиргендей, сел Кызыл-Булак айылы менен Тамашанын ортосундагы жолду алып кеткен.
Ош мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Төлөйкөн айылынын Зымырык-Сай сайында сел түтүктөрү толуп, ички чарбалык жолду суу каптады.
Ошондой эле "Керемет" балдар бакчасынын короосуна да суу кирген. Тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлгөнү, жабыркагандар жок экени маалымдалды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Токтогазиев бүгүн жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Манас шаарынын Дөмөр айылында сел жүрүп, айрым аймактар жабыркаганын билдирди:
"Лотоктордон ашкан суу 8 турак үйдүн короосуна, 10 үйдүн жертөлөсүнө, 2 үйдүн ичине, 1 социалдык объектке жана 2 базарга кирген. Учурда алардын 14ү толугу менен тазаланып, калган 5 объектте тазалоо иштери улантылууда".
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бул күндөрү нөшөрдөн улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен.