Орусиянын соккусунан Запорожьеде беш адам мерт болду

Павлоград шаарына урулган соккунун кесепети. Днепропетровск. 20-июнь, 2026-жыл.

Ишембиде күндүз Орусиянын армиясынын соккусунан Запорожьеде беш адам мерт болду, дагы он киши жараат алды.

Мурдараак облустук аскердик администрация башчысы Иван Фёдоров соккудан төрт адам мерт болгонун билдирген, кийинчерээк куткаруучулар уранды арасынан бир аялдын сөөгүн табышты. Орусиялык аскерлер шаарга тогуз башкарылуучу авиабомба таштаганы кабарланууда.

Орусиянын чабуулу тууралуу Сумы жана Днепропетровск облустарынын бийликтери да маалымдашты. Башкарылуучу авиабомбалар менен жасалган чабуулдун натыйжасында ишембиде Сумынын четинде бир адам мерт болуп, үч киши жараат алганын облустук администрация башчысы Олег Григоров билдирди. Соккудан кеминде жыйырмадай жер үй жабыркады.

Украина президенти Владимир Зеленский ишембинин кечинде жакынкы убакта Орусия тарапка жапырт сокку болорун эскертти. "Орусиялыктар жаңы жапырт соккуга даярданышты. Эми өзүңөрдү сактагыла", - деп айтты кечки видеокайрылуусунда.

Орусия 20-июнга караган түнү да Украинанын бир катар шаарларына чабуул коюп, бир адамдын өмүрү кыйылган, он чакты адам жаракат алышкан.

Дагы караңыз

Баткен, Жалал-Абад, Ош аймактарында нөшөрдөн улам сел жүрдү"Алгачкы сыноого кабылган жараян". Күттүргөн АКШ–Иран сүйлөшүүлөрүИран Ормуз кысыгын кайрадан жапканын жарыяладыЛиван Израилдин чабуулунан кеминде он адам каза болгонун билдирдиВаршава Зеленскийди орденден ажыратты, Украинада жетекчилер польшалык сыйлыктардан баш тартууда