Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов май куюучу бекеттерде жана алардын аймактарында алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу демилесин көтөрдү.
Депутат "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого жана сатууга мамлекеттик монополия, алкоголдук товарлар өндүрүшүн тескөө" мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.
Мыйзам долбоорунун негизги максаты - жол кыймылы менен байланышкан жайларда алкоголдук ичимдик сатууну тыюу жана жол коопсуздугун жогорулатуу.
Медер Чотонов май куюучу бекеттерде алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салуу жол коопсуздугун камсыздоо максатында дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп келерин белгиледи.
Кыргызстанда 19-июндан тарта алкоголдук ичимдик ичип автоунаа айдоого жол бербеген катаал мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, мас абалында унаа айдагандарга 80 миң сом айыппул салынып, эки жылга машина айдоо укугунан ажыратылат. Мастыгын далилдөөдөн баш тарткан айдоочуларга 100 миң сом айып пул салынат, унаа айдоо укугунан үч жылга ажыратылат.
Унаа айдоо укугу жок кезде кайра мас абалында рулга отурса 100 -150 миң сом айып пул төлөйт же бир жылга түрмөгө камалат.
Мас абалында унаа айдап жол кырсыгына себепкер болсо жүз миң сом айып пул төлөйт жана үч жылга автоунаа айдоо укугунан ажыратылат. Жол кырсыгында адам жабыркап же набыт болсо 10 жылга эркиндигинен ажыратылат, 12 жылга чейин рулга отурууга акысыз болот.
Ички иштер министрлиги 2025-жылы жол кырсыгынан 900дөн ашуун адам каза тапканын маалымдаган. (ZKo)