Орусия Кара деңиздеги үч кемени аткылап, Египеттин жараны мерт болду

Кара деңизде өрттөнүп жаткан кеме. (архив)

22-июнда Орусиянын аскерлери Кара деңизде Одессанын портуна багыт алган эки жарандык кемени бутага алышканын Украинанын вице-премьер министри Алексей Кулеба билдирди.

Кийинчерээк Одесса облустук администрациясынын башчысы Олег Кипер жалпы жонунан үч кеме кыйраганы тактады.

Украин Аскер-деңиз флотунун маалыматында, Панаманын желеги менен бараткан Victress кемесине (түркиялык жаран тең ээлик кылат) сокку урулганда өрт чккан. Бортто экипаждын тогуз мүчөсү - Египет, Түркия жана Индиянын жарандары болгон.

Кулеба бир адам – Египеттин жараны, 58 жаштагы ашпозчу мүрт кетип, калган жетөө - Түркиянын жана Индиянын жарандары эавакуация болгон. Кеме кыйрап, жараксыз абалга келген.

Marine Traffic сервисинин маалыматында, Victress кемеси 21-июнда Кара деңизде токтоп турган. Украин вице-премьер министринин айтуусунда, Орусиянын аскерлери кол салган Папау жана Белиз желектери менен жүргөн эки кеме куризди токтотпой кетип калган.

"Бул Орусиянын келечектеги аскер кылмышы. Соода флотуна жана гуманитардык кемелерге сокку уруу - глобалдык азык-түлүк жана экономикалык коопсуздукка, эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсүн талап кылуучу түз коркунуч", - деп билдирди Кулеба.

Орусия Кара деңиздеги жарандык кемелерге буга чейин да кол салган. 19-июнга караган түндө орус аскерлери эки чет өлкөлүк кемени - Панаманын, Невистин жана Сент-Кинстин желектеринин алдында порттон чыгып бараткан эки чет өлкөлүк кемени аткылашкан. Кулеба анда дагы Панама желеги менен бараткан кемеде экипаждын бир мүчөсү мерт болгонун, дагы эки суучул жараат алганын, биринин абалы оор экенин билдирген. Экинчи кеменин экипаж мүчөлөрү жеңил жаракат алышкан.

Дагы караңыз

"Кытай полициясы кармап кеткен атамдан дайын жок". Жазуучунун уулу казак бийлигинен жардам сурады Жапаровдун мөөнөтү, моралдык жоопкерчилик: Акаевдин маегиБишкекте мамлекеттик мекемелерге бомба коюлганы тууралуу маалымат текшерилүүдөДепутат Мавлянова кен казуу ордуна геопарктарды түзүүнү сунуштадыОштогу ооруканаларда таза суу жоктугуна нааразылыктар айтылууда