Катуу жаандан улам суу булганып, Ош шаарына таза суу берүү убактылуу токтотулгандыктан, шаардагы ооруканаларда, бала бакчаларда да суу жок болуп жатканы тууралуу нааразылыктар социалдык тармактарга жарыяланууда.
Андай посттордун авторлору шаар жетекчилиги абалды билген соң, ооруканаларга жана башка социалдык обьекттерге таза суу резервдерин куруп, алдын алуу чараларын көрбөгөнүн сындашты.
Ош шаарынын айрым аймактарына ичүүчү суу берүү убктылуу токтотулганын шаардык мэрия буга чейин билдирген. Маалыматка ылайык, бул Папан суу сактагычынын ылайланышына байланыштуу убактылуу көрүлүп жаткан чара экени, резервуардагы суулар эки күнгө гана жеткени айтылган.
"Ош шаарына үзгүлтүксүз таза суу берүү максатында курулган резервуарлар иштеп жатат. Бирок андагы суунун запасы эки күнгө гана жетет. Суунун үзгүлтүккө учуроосуна Папан суу сактагычынынын булганышы себеп болууда. Анткени кампаларга ушул жактан гана суу келет. Анын булгануусуна тынымсыз жааган жаандан улам кокту-колоттордон, шагыл-кум алынуучу карьерлерден аккан ылайка суу себеп болуп жатат. Анын кесепетинен Ак-Буура дарыясы да булганууда", - деп билдирген мэрия.
Калаа бийлиги учурда бардык тиешелүү кызматтар шаардыктарга суу берүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканын белгилеп, жарандардын абалды туура түшүнүүсүн өтүнгөн.
Шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суу. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат.(ZKo)
Шерине