Сүйлөшүүлөргө арачы болгон Катар менен Пакистан жарыялаган биргелешкен билдирүүдө келишимдин так шарттары ачыкталган жок. Болгону ал өткөн аптада АКШ менен Ирандын президенттери кол койгон өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумда белгиленген негизги максаттарды камтый турганы айтылды.
Билдирүүгө ылайык, Швейцариянын Бүргеншток курортундагы расмий сүйлөшүүлөр аяктады. Бирок делегациялар алдыдагы жумаларда техникалык деңгээлдеги консультацияларды улантат.
Кошмо Штаттардын вице-президенти, cүйлөшүүлөрдө америкалык делегацияны жетектеген Жей Ди Вэнс жолугушууну "тарыхый" деп атады.
"Бул тарыхый жолугушуу. Акыркы бир нече айдагы Исламабаддагы жана ушул жердеги жолугушууларды эсепке албаганда, буга чейин америкалык жана ирандык жетекчилер мындай жогорку деңгээлде эч качан жолуккан эмес. Эгер Ирандын жетекчилиги аймактагы туруксуздукту күчөткөн саясаттан баш тартса жана узак мөөнөттүү келечекте өзөктүк куралга ээ болуу максатынан кечсе, анда Америка Кошмо Штаттары бул өлкө менен мамилесин түп-тамырынан өзгөртүүгө даяр", - деди Вэнс.
Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шехбаз Шариф (ортодо), АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс (солдо) жана Катардын премьер-министри шейх Мухаммад бин Абдулрахман бин Жассим Аль Тани АКШ, Иран, Пакистан жана Катардын өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусунун алдында.
Вэнс Тегеран Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) инспекторлорун өлкөгө кайра киргизүүгө макул болгонун кошумчалады. Ал бул кадамды «өтө маанилүү жетишкендик» жана «Ирандын өзөктүк курал программасын биротоло токтотууга карай биринчи кадам» деп мүнөздөдү.
Вэнстин айтымында, тараптар Ормуз кысыгы аркылуу энергетикалык жүктөрдүн үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн атайын координациялык механизм түзүү боюнча иш алып барышты.
Ошондой эле аймакты миналардан тазалоо маселеси да талкууланды.
Мындан тышкары, аймактагы жаңжалдарды көзөмөлдөө үчүн дагы бир «деэскалация механизми» түзүлгөнүн билдирди.
Вэнстин билдирүүсүнө чейин өзөктүк программа, санкциялар жана меморандумдун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтор түзүлөрү маалымдалган.
Мындан тышкары келишимдин аткарылышын камсыздоо жана талаштарды жөнгө салуу үчүн атайын механизмдер иштелип чыгат.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары тараткан маалыматка ылайык, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги АКШнын ирандык портторго блокадасы алынганын, камактагы айрым активдер бошотулганын жана Иранды калыбына келтирүүгө багытталган ири өнүгүү программасы башталганын билдирди.
Дагы караңыз
Трамптын Иран менен макулдашуусу жана 2015-жылкы өзөктүк келишимМинистрликтин өкүлү Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүшү боюнча атайын механизм түзүү макулдашуусу болгонун айтты. Бирок анын кандай иштей турганы тууралуу кеңири маалымат берген жок.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, сүйлөшүүлөр жалпысынан 18 саатка созулган.
АКШ делегациясын вице-президент Жей Ди Вэнс, атайын өкүл Стив Уиткофф жана президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жетектеди. Ал эми Иран тараптан парламент төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен тышкы иштер министри Аббас Аракчи катышты.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи (ортодо) Люцерн көлүнүн жээгинде өткөн жолугушууда швейцариялык кызматташы менен жолугушууда.
Катар менен Пакистан жарыялаган биргелешкен билдирүүдө Люцерн көлүнүн жээгинде өткөн саммит "оң жана конструктивдүү маанайда өткөнү" белгиленди.
Билдирүүдө сүйлөшүүлөрдө "үмүт жараткан олуттуу жылыштарга жетишилгени", анын ичинде техникалык деңгээлдеги кийинки сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн атайын механизм түзүлгөнү айтылган.
Ошондой эле Вашингтон менен Тегеран мурда кол койгон өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун негизинде тараптар ортомчулук жараянына саясий көзөмөл жүргүзө турган Жогорку деңгээлдеги комитет түзүүгө макул болушкан.
Бул комитет 60 күндүн ичинде акыркы келишимге жетүүгө багытталган жол картасын бекитти.
Документте бул кадам мындан аркы техникалык сүйлөшүүлөрдү дароо баштоого негиз түзөрү белгиленген.
Мындан тышкары, Ормуз кысыгы аркылуу соода кемелеринин коопсуз өтүшүн камсыздоо жана ар кандай жаңылыштыктар менен күтүлбөгөн окуялардын алдын алуу үчүн 60 күндүк мөөнөткө атайын байланыш каналы түзүлгөнү маалымдалды.
Билдирүүдө ошондой эле Америка, Иран жана Ливандын өкүлдөрү кирген атайын координациялык топ түзүлөрү айтылган.
Ортомчулар көмөктөшө турган бул механизмдин максаты - меморандумда каралгандай Ливандагы аскердик аракеттердин токтотулушун камсыз кылуу.
"Ливан маселесине башкаларга караганда көбүрөөк көңүл бурулду. Албетте, согуштун аяктаганы жарыяланышы керек болгон негизги багыттардын бири болгон Ливан боюнча маселе чечилбесе, кийинки маселелер боюнча сүйлөшүүлөр да жүрбөйт", - деди Иран делегациясынын өкүлү Хосейн Горбанадзе.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Израил-Ливан экинчи сүйлөшүүгө даярданууда
Мындан тышкары Израилдин бир катар жетекчилери бул келишимге алардын өлкөсү тарап эмес экенин билдирип, Ливандагы "Хезболланы"» объектилерине каршы чабуулдарды улантарын айтышты. Алардын арасында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бар.
"Биз өзгөчө ийгиликтерге жетиштик жана алардан баш тартпайбыз. Түндүктөгү тургундарыбыздын жана Израилдин бардык жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Ливандын түштүгүндөгү коопсуздук аймагында зарыл болгон мөөнөткө чейин кала беребиз", - деди Нетаньяху.
Иран колдогон "Хезболла" кыймылы Ливандын түштүгүнүн чоң бөлүгүн көзөмөлдөйт. АКШ бул уюмду террордук деп эсептейт. Ал эми Евробиримдик анын куралдуу канатын террордук уюмдардын тизмесине киргизген, бирок саясий канатына мындай макам берген эмес.
Ошол эле учурда маалыматтарга караганда, Ирандын ичиндеги консервативдүү күчтөрдүн, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун каршылыгы дагы Тегерандын сүйлөшүү жүргүзгөн өкүлдөрүнө кошумча басым жаратууда.