Абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ден соолугу начарлаганы айтылды

Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун адвокаты Асел Аргымбаева камактагы ишкердин ден соолугу кескин начарлап, 19-июндан 20-июнга караган түнү тергөө абагына эки жолу “Тез жардам” чакырылганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, Имамидин Ташов толук дарыланбай ушул тапта дары-дармек эле ичип жатат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы азырынча комментарий бере элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко доо арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген. Иш ушу тапта Бишкек шаардык сотунда каралууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.

Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салып, ачкачылык да жарыялаган. (BTo)

Дагы караңыз

Баткен: Селден улам Ош-Исфана жолундагы үч көпүрөнү суу каптады, каттам кайра жандандыОрусия Кара деңиздеги үч кемени аткылап, Египеттин жараны мерт болдуТургунбек уулу “парламентте айтылган маалыматтар жалган” экенин билдирдиКыргыз калемгерлеринин чыгармалары татар тилинде жарык көрдүЭкс-депутат Жолдошалиев УКМКга каршы жазган арызы тергелбей жатканын айттыУларбек Исмаилов Манас шаарынын мэри болуп дайындалды Британ премьер-министри Кир Стармер отставкага кетип жатканын жарыялады