Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышына жана Евробиримдиктин авиациялык "кара тизмесинен" чыгарылышына кошкон салымы үчүн дипломаттарды жана авиаторлорду сыйлады. Сыйлык тапшыруу аземи 22-июнда Чолпон-Ата шаарында өттү.
Мамлекет башчысы Кыргызстан эгемендик тарыхындагы таасирдүү дипломатиялык жеңиштерди камсыздап, эл аралык коомчулуктун кызыгуусун арттырган тарыхый окуя жаратканын баса белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине Туруктуу эмес мүчө болуп шайланганы жана 20 жылдык чектөөдөн кийин Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча "кара тизмесинен" чыгарылганы өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын жаңы деңгээлге көтөрүп, келечегин өзгөрткөн бурулуш окуялар экенин белгиледи.
Жарлыкка ылайык, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов жана "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасынын башкармалык төрагасы Манасбек Самидинов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланышты. Ошондой эле тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаевге, Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиевага, президенттин администрациясынын башкы эксперти Кундуз Искендербековага "Даңк" ордени ыйгарылды.
Булардан тышкары бир катар дипломаттарга жана авиаторлорго "Ардак" медалы берилип, президенттин атынан алкыш жарыяланды, айрым мамлекеттик кызматкерлерге дипломатиялык ранг ыйгарылды.
3-июнь күнү Нью-Йоркто өткөн шайлоодо Кыргызстан биринчи жолу 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланган. Ага удаа эле 20 жылдык чектөөдөн кийин Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча “кара тизмесинен” расмий түрдө чыгарылган.(ZKo)
Бир катар дипломат жана авиатор кызматкерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды
Мамлекеттик сыйлыктар. Кыргызстан. Июнь, 2026-жыл.