Мыйзамсыз миграция уюштургандарга дээрлик 8 миллион сомдук айып пул салынды

Мыйзамсыз мигранттар. Ысык-Көл. 4-июнь, 2026-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанга мыйзамсыз миграция агымдарын уюштурууга бөгөт коюу максатында «Нелегал-2026» аттуу аймактык операциясын жүргүздү.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 1-10-июнь күндөрү жүргүзүлгөн операция алкагында чет өлкөлүк жумушчуларды иштетүүгө уруксат алган курулуш аянтчалары, тигүү цехтери жана башка объектилер текшерилди.

Натыйжада, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 431-беренесине ("Чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу эрежелерин же транзиттик өтүү тартибин бузуу") ылайык, жалпы суммасы 7 млн 902 миң сомду түзгөн 922 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, аталган кодекстин 93-беренесине ("Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу") ылайык , 24 ишкана жоопкерчиликке тартылган. Аларга жалпы суммасы 1 млн 285 миң сомдук айып пул салынган.

УКМК мыйзамсыз миграцияны тыюу максатында маал-маалы менен атайын операцияларды жүргүзүп турат.

Быйыл Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квота 52 миңден 100 миңге чейин көбөйгөн.

2025-жылы чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнгөн, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган.

Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат. (ZKo)

Дагы караңыз

"Үйдөгү буюмдар агып кетти". Баткендеги селдин кесепетиСогушта каза болгон орусиялыктардын кеминде 227 миңинин тек-жайы аныкталды Орусиянын кеминде 53 аймагында бензин чектөө менен сатылууда Мамлекеттик ипотекалык компанияга 2024–2025-жылдары бюджеттен 90 млрд сом бөлүнгөнМамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйөт