Тажикстандык оппозициялык активист Асадулло Бобоев Германиядан депортацияланды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.
Активисттин жубайы Мастона Файзуллоеванын айтымында, 20-июнда күйөөсү телефон чалып, улуу экөөнү Мүнхенге жеткирип, андан ары Дүйшөмбүгө жөнөтүүгө даярдап жатышканын билдирген. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, ошол күнү Мүнхенден Дүйшөмбүгө карай "Сомон Эйр" авиакомпаниясына таандык учак учкан.
Файзуллоева кошумчалагандай, Тажикстанга келгенден кийин алардын уулу чоң энесине өткөрүлүп берилген, ал эми Бобоев тергөө абагына жеткирилген.
Активистин депортация болгонун баш кеңсеси Европада жайгашкан "Тажикстандагы реформалар жана өнүгүү" оппозициялык кыймылынын жетекчиси Шарофиддин Гадоев да ырастады.
Анын айтымында, жактоочулар Германиянын сотуна Бобоев мекенине кайтарылса, куугунтукка жана кыйноого кабылышы мүмкүн экенин көрсөткөн көптөгөн материалдарды тапшырганы менен жүйөлөр эске алынган эмес.
54 жаштагы Асадулло Бобоев жана анын 19 жаштагы уулу 8-июнда Германиянын Клеве районунда кармалган. Немис бийлиги аларга Европада калуу укугун негиздөө үчүн 1-июлга чейин убакыт берген. Бирок бул мөөнөт бүткөнгө чейин эле алар өлкөдөн чыгарылган.
Бобоев жана анын жактоочулары Тажикстанда ага каршы экстремизм боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, мекенине кайтаруу куугунтукка жана кыйноого алып келиши мүмкүн экенин жүйө келтиришкен.
Буга чейин да Европа өлкөлөрүндө башпаанек издеген тажикстандыктар депортацияланган учурлар болгон. Укук коргоочулардын маалыматында, мекенине кайтарылган айрым тажик жарандары кийин кармалып, узак мөөнөткө кесилген.