Орусиянын президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрү өз аймагынан Орусияны көздөй учкучсуз учак учурууга "даабай турганын", анткени жооп соккудан кооптонушарын билдирди. Путин бул тууралуу Москвада аскер окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөп жатып айтты.
Муну менен ал согуш тууралуу жазган көптөгөн Телеграм каналдардын "Балтика өлкөлөрү Орусияны учкучсуз учак менен аткылоого катышууда же аба мейкиндигинен украин дрондорунун учуп өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүдө" деген билдирүүлөрүн четке какты. Соңку кезде орусиялык расмийлер да ошондой жоромолдорду көп айта башташкан. Ал эми Эстония, Латвия жана Литва андай билдирүүлөр негизсиз экенин кайталап келишкен.
Москвадагы тышкы чалгын кызматы мурдараак Латвия Украинанын Орусияны көздөй өз аймагынан дрон учуруу өтүнүчүнө макулдугун бергенин, ал үчүн өлкөгө украин аскерлери келгенин билдирген. Латвия бийлиги муну жокко чыгаргандан кийин бул тема кайрадан көтөрүлгөн эмес.
Акыркы жумаларда Балтика өлкөлөрүнө украин дрондору учуп кирген бир нече окуя катталган. Киев буга байланыштуу кечирим сурап, Орусия украин дрондорунун багытын атайылап бузуп, Балтика өлкөлөрү көздөй багыттап жатканын белгилеген.
Соңку күндөрү Орусиянын аймактары кабылып жаткан чабуулдар тууралуу суроолорго жооп берип жатып Путин алар "Орусия коомчулугун козгоо максатында" урулуп жатат деп билдирди.