АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Перс булуңундагы өнөктөш өлкөлөргө сапарын баштап, 23-июнда Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабиге барды. Алдыдагы эки күн ичинде ал Кувейт жана Бахрейн мамлекеттеринин жетекчилери менен да жолугушуп, кызматташтыкты талкуулай турганын Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти билдирди.
Жолугушууларда аймактагы туруктуулукту, ошондой эле Ормуз кысыгындагы кеме кыймылынын эркиндигин жана коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланары кабарланды.
АКШ менен Иран ортосунда жакында жетишилген өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруу механизмдери да көңүл борборунда болот.
Бахрейнде мамлекеттик катчы Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.