25-июндун аба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайт

Нарын аймагы.

25-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күңдүз 32…37

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 30…32° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 20…22° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 23-июнда күндүз 22,3°, 24-июнда эртең менен 20,1° түздү.

Дагы караңыз

Мо Ян: Кыргыздар менен жакындан таанышкым келетЧүйдө тапанчадан ок атылган окуяга байланыштуу 11 киши кармалдыЖарым жылда 240 сел кырсыгы катталып, эки адам каза болдуМамлекеттик эки банк санкциялык тобокелдиктерден улам 130 компания менен иштешүүнү токтоттуКрымда ЖЭБ жана подстанция бутага алынды