Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:08

Чүйдө тапанчадан ок атылган окуяга байланыштуу 11 киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук милициясы Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жарандар машинасы менен кубалашып, тапанчадан ок атышкан окуя боюнча 11 жаран кармалып, камакка алынганын билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы кабарлагандай, 22-июнда саат 22:30 чамасында Ысык-Ата районунун Ивановка айылында Красная Речка айылынын 17-20 жаштагы беш тургуну райондун Кең-Булуң айылынын 15 чакты жашоочусу менен уруша кеткен.

Милиция "жаңжалдын чыгышына эки баланын ортосундагы кыз талашуу себеп болгонун" билдирди.

"Ушуга байланыштуу эки топ Ивановка айылында жолугуп, сүйлөшүү учурунда мушташ чыгып кеткен. Андан соң бир тарап автоунаа менен кетип бара жатканда экинчи тарап үч автоунаа менен артынан кубалаган. Унаа токтотуучу жайга жеткенде аларды кууп жетип, таш менен автоунааны талкалап, терезелерин сындырып кетишкен", - деп жазылган маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголуп, 11 шектүү кармалып, Чүй райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мурдараак соцтармактарда Токмоктун тушундагы "Гавайи" эс алуу аймагында жаштар жаңжалдашып, ок атылганы тууралуу маалыматтар тараган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG