Өзбекстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Фабио Каннаваро командасынын Португалияга 0-5 эсебинде утулганы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
Бул тууралуу италиялык мурдагы футболчу матчтан кийинки пресс-конференцияда билдирди.
Өзбекстан ага чейин Колумбияга 1-3 эсебинде жеңилген. Алдыда Конго демократиялык жумурияты менен беттешүү бар.
"Албетте алгачкы жолу дүйнө чемпионатына катышуу оңой болбойт. Биз чүчүкулак кармоонун жыйынтыгын, Португалия жана Колумбия өңдүү атаандаштарды көргөндө эле абдан оор тайпага туш болгонубузду түшүндүк", - деп айтты машыктыруучу.
Ал команда менен сыймыктанарын, оюнчулар жеңилип жатканда да жөн гана коргонбостон, оюн көрсөтүүгө аракеттенгенин кошумчалады.
Каннаваро машыктыруучу оюн талаасына чыга турган курамды тандарын, чечимдерди кабыл аларын айтып, жеңилүү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды жана жараксыз деп табылган гол командага таасир эткенин белгиледи.
Эки турдан кийин Өзбекстан упайсыз калууда.