Эки депутат соцтармакта парламентке айтылган сынды териштирүү сунушун берди

Жогорку Кеңеш. Архив.

Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Алымбеков менен Улукбек Узакбаев социалдык тармактарда парламентке жана айрым депутаттарга айтылган сын-пикирлердин артында ким турганын иликтөө демилгесин көтөрүштү.

Максат Алымбеков спикердин Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясында аткарылган иштер боюнча отчётуна жана “75чилердин катына” байланыштуу соцтармактарда фейк аккаунттар туура эмес маалыматтарды таратып жатат деп эсептейт.

“Боттор иштеп баштады. Аларды карап отурсаң депутаттардын жекелигине өтүп, шылдыңдоо башталды. Мүмкүнчүлүк болсо Ички иштер министрлигине тапшырма берип коёбуз. Баарыбыз эле билебиз да. Боттордун артында бирөө турат, бирөө тапшырма берип атат”, - деди ал.

Улукбек Узакбаев да сөз сүйлөп, интернетте ар кандай туура эмес маалыматтар тарап жатканын, төрагага кандайдыр бир кепилдиктер берилиши керектигин айтты.

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы аягына чыкты. Эми депутаттар шайлоочулар менен жолугуп, андан соң эс алышат.

Расмий маалыматка ылайык, биринчи сессияда парламентке 174 мыйзам долбоору түшүп, анын ичинен 112 долбоор кабыл алынып, президент Садыр Жапаров 92 мыйзамга кол койду.

Президент депутаттар сунуштаган 16, өзү демилге кылган беш жана Башкы прокуратура сунуштаган бир мыйзамга кол койгон. Калган мыйзамдардын баары өкмөт алып келген документтер.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын 17-декабрында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет жана беш депутаттык топ бар.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, президент жана Башкы прокуратура менен Жогорку сот өз ишмердигине тиешелүү болгон маселелер боюнча мыйзам долбоорун сунуштаганга укугу бар.

Коомчулукта “депутаттар маанилүү маселелерде позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сын айтылып келет. Мындай дооматтарды спикер, басымдуу депутаттар четке кагышат. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстанда "инстаграм-психологдор" жана коучтар көзөмөлгө алынатИминов инвестордон акча талап кылганы тууралуу парламентте айтылдыФейсбуктун колдонуучусу Молдалиевдин кылмыш иши тергелип бүттүДепутат Сурабалдиева Аскат Жетигенди эркиндикке чыгарууну сунуштадыКазакстан муфтияты балалуу болуудан ыктыярдуу баш тартуу шариятка туура келбесин айтты“75чилердин иши”: Зулушев спикер Маматалиевдин сөздөрүн четке кактыКурсан Асанов сотто кайрылууга кол койгонун, мыйзамсыз иш кылбаганын айтты