Фархат Иминов депутаттын "инвестордон акча талап кылуу" тууралуу билдирүүсүн четке какты

Фархат Иминов. Архив сүрөт.

Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Фархат Иминов Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевдин анын дарегине айтылган айыптоосун четке какты.

Иминов депутаттын сөзү кызматкердин ар-намысына гана эмес, мамлекеттик кызматтагы ишмердигине да көлөкө түшүрөрүн журналисттерге билдирди.

"Мамлекеттик жогорку трибуна аныктыгы мыйзам чегинде текшерилбеген маалыматты таратуучу аянтчага айландырылбашы керек деп эсептейм. Кайсы бир кызыкдар тараптар мени жаманатты кылуу жана ишкердик беделиме доо кетирүү максатында депутат Нурбек Сыдыгалиевди адаштырган болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайм", - деди Фархат Иминов.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев 25-июндагы жалпы отурумда Фархат Иминов аттуу мамлекеттик кызматкер Миң-Кушта Кытайдан келип иштеп жаткан компаниядан 2 млн доллар талап кылганын, чет өлкөлүк инвестор акча которгону тууралуу маалыматы бар экенин айтып, Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүткан Коңкубаевадан бул маселеге көңүл буруусун сураган.

Фархат Иминов 2025-жылы апрелде Инвестициялар агенттигинин директорлугуна дайындалган. Быйыл 9-июнда Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды.(ZKo)

Дагы караңыз

26-июндун аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайтМурдагы ӨКМ башчысы Ажикеевдин ишмердүүлүгүн текшерүү талап кылынды"Бир мүнөттө жер эки силкинди". Венесуэладагы катуу зилзала Reuters: Орусия Казакстандан бензин импорттоону көздөөдөЭки депутат соцтармакта парламентке айтылган сынды териштирүү сунушун бердиКазакстанда "инстаграм-психологдор" жана коучтар көзөмөлгө алынат