Казакстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда каза болгон казакстандык Асет Куралбайдын сөөгү мекенине жеткирилгенин билдирди.
Кошмо Штаттарда Иллинойс штатында дайынсыз жоголгон 24 жаштагы казак жаранынын сөөгү табылганы июнь айынын орто ченинде белгилүү болгон.
Акыркы жолу Куралбай туугандары менен 2-июнда байланышкан. Кийинчерээк анын телефону жооп бербей калган. Жашаган жеринен документтери, банк картасы жана, эжесинин айтымында, "эгер бир нерсе болуп кетсем документтерди төмөнкү дарекке жеткирип бериңиздер" деген мазмундагы жазуу табылган.
10-июнда полиция Асеттин автоунаасын үйүнө жакын жердеги дүкөндүн жанынан тапкан.
Өлүмдүн себеби азырынча расмий жарыялана элек. Асет Куралбай АКШда жашаганына төрт жылга жакын убакыт болгон жана, ЖМКлардын маалыматы боюнча, Amazon жеткирүү кызматында иштеген. Акыркы убакта ал Чикагонун Форд-Хайтс шаар четинде жашап жаткан.