Тажикстанда Хорог аскердик соту ички аскерлердин атайын бөлүгүнүн ротасынын мурдагы командири Ивазмад Кодировду адам өлүмүнө айыптуу деп таап, 12 жылга соттоду. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы ("Озоди") жазды.
Ал Тоолуу Бадакшан автономиялуу облусунун Ванж районунун 34 жаштагы тургуну Саломатшо Галчаевди атып өлтүргөн деп айыпталды.
Маркумдун бир тууганы Немат Галчаев журналисттерге соттун чечимине каршы даттанбай турганын билдирди. Ошол эле учурда ал окуя учурунда Ички иштер министрлигинин кызматкеринин жанында болгон эки күбө жоопко тартылбай калганын белгиледи.
Кодиров, анын туугандары же адвокаты азырынча маалымат бере элек.
Ванж районунун Рохарв айылынын тургуну Саломатшо Галчаев быйыл 17-мартка караган түнү киши колдуу болгон. Бийлик иштин чоо-жайын ачыкка чыгарган эмес. Бирок, "Озодинин" журналисттеринин өз булактары Кодировдун Галчаевдин жашы жете элек жээни болгон окуучу кыз менен жакын мамилесинен улам экөөнүн ортосунда чыр чыкканын айтып беришкен.