Аннексияланган Крымда чукул кырдаал жарыяланды

Крымдагы май куюучу жайга кезек. Аннексияланган Севастопол, Украина. 1-июнь 2026-жыл.

Аннексияланган Крымда жана Севастопол шаарында жума күнү түштөн кийин чукул кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу украиналык жарым аралдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов билдирди.

Анын айтымында, чечим "финансылык жана башка маселелерди тартипке келтирүү", залаканын ордун толтурууга байланышкан жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү үчүн кабыл алынды.

Өзгөчө режим Украина Крымга дрон соккуларын күчөткөн маалда киргизилди. Акыркы күндөрдө жарым аралда жана Севастополдо электр жарыгы үзүл-кесил берилип, бензин тартыш болууда. Энергетикалык кризистен улам күйүүчү май сатуу чектелди, балдарды жайкы лагерлерге кабыл алуу токтоду, бирок туристтик сезон расмий түрдө жабылган жок.

26-июнда эртең менен Крым көпүрөсүнүн кире беришинде бир нече километрлик кезек пайда болгону кабарланган.

Чоң тыгын түн ичинде көпүрөдөгү жол кыймылы дээрлик алты саатка токтогондон кийин пайда болгон. Ал маалда жарым арал украиналык дрондордун жапырт соккусуна кабылган.

Украина Орусиянын армиясын күйүүчү май менен камсыздаган ишканаларды, анын ичинде Крымдагы мунай базаларын бутага алып келет.

Дагы караңыз

УКМК "бийликти басып алуу чакырыгына" шектүү Орусиядан кармалганын билдирдиАКШнын Жогорку соту миграция саясатын катаалдатууга жол ачкан эки чечим кабыл алдыЗилзаладан катуу жапа чеккен Венесуэлага туш-туштан куткаруучулар жөнөтүлүүдө