Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

АКШнын Жогорку соту миграция саясатын катаалдатууга жол ачкан эки чечим кабыл алды

Мексика–АКШ чек арасындагы мигранттар. Архив.
Мексика–АКШ чек арасындагы мигранттар. Архив.

АКШнын Жогорку соту Ак үй администрациясына миграциялык саясатты катаалдаштырууга жол ачкан эки чечим кабыл алды. Атап айтканда, бир катар мигранттардын убактылуу коргоосун алып салууга уруксат берди жана чек арада башпаанек берүү жараянын чектөө практикасын калыбына келтирди.

Биринчиси бир нече өлкөнүн, арасында Гаити жана Сирия жарандарынын убактылуу коргоо боюнча гуманитардык макамын алууга жол ачат. Муну менен бир миллиондон көп киши депортация коркунучуна кабылды. Ал кишилерге согуш, жаратылыш кырсыктары же башка кризистерден улам Кошмо Штаттарда мыйзамдуу жашоого жана иштөөгө уруксат берилген болчу.

Экинчи чечим америкалык чек арачыларга өтмөктөрдө башпаанек сураган мигранттардын санын чектөөгө шарт түзгөн системага тиешелүү.

Ак үйдүн кеңешчиси Стивен Миллер соттон кийин убактылуу коргоо макамынан ажыратылгандар депортация болууга тийиш деп билдирди.

Укук коргоочу уюмдар Жогорку соттун чечими чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген мигранттардын, расмий пункттарды кыйгап өтүүнү көздөп, тобокелчиликтерге туш болгон адамдар арасында каза тапкандардын көбөйүшүнө алып келиши ыктымал деп эскертүүдө.

Президент Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүп, бул жааттагы саясатын катаалдаштырууда.

Демократтар Жогорку соттун чечимин айыптап, гуманитардык макам гаитиликтерге 2010-жылкы кыйратуучу жер титирөөдөн кийин, сириялыктарга жарандык согуш башталганда берилгенин эске салышты.


Шерине

XS
SM
MD
LG