Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондор 600 кишиге чукулдады

Жакыны урандылардын астында калган аял. Ла Гуайра, 25-июнь 2026-жыл

Венесуэладагы кыйраткыч эки жер титирөөдөн каза болгондордун саны 589ге жеткенин бир катар эл аралык медиа, арасында CNN, The Guardian, The New York Times өлкөнүн утурумдук президенти Дельси Родригеске шилтеме менен жазышты. Маалыматка караганда, жараат алгандар 3 миңдин айланасында.

Айрым маалымат каражаттары дайынсыз жоголгондордун саны он миңдеп саналарын кабарлашууда. Бир тобу урандылардын астында калган.

Венесуэлага туш-тараптан жардам жетирилип, куткаруучулар жөнөтүлүүдө.

24-июнда 7,2 жана 7,5 баллдык катуу жер титирөө болгон. АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына караганда, экинчи силкинүү бир мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында катталган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Венесуэла: жүздөгөн киши набыт болду, куткаруучулар жетишсиз

Дагы караңыз

Жемкорлукка айыптоо. Депутат менен эки аткаминердин айтышыОрусия жана Украина 160 кишиден туткун алмашты Зеленскийдин эскертүүсү Лукашенкону жоошутту