Ильястын ролун аткарган түрк актеру Кадир Инаныр дүйнө салды

Кадир Инаныр

Белгилүү түрк актеру, Йешилчам доорунун көрүнүктүү өкүлү Кадир Инаныр 77 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, актер ден соолугу начарлап, 14-май күнү клиникага жаткырылган. Ал өпкөсү кагынып, тогуз күндөн кийин ооруканада каза болгон.

Кадир Инаныр өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” (“Делбирим”) повестинин негизинде түрк тилинде тартылган тасмада Ильястын ролун аткарган.

Йешилчам (Yeşilçam) деп АКШнын Голливуду же Индиянын Болливуду сыяктуу эле түрк киносунун 1950-1980-жылдардагы эң өнүккөн "алтын доорун" аташат. Стамбулда ушундай аталыштагы көчөдө киностудиялар жайгашкан.(КЕ)

Дагы караңыз

АКШ Ормуздагы чабуулга жооп иретинде Иранга сокку урганын билдирдиӨкмөт башчы Кегетидеги кырсыктан улам ата-энелерге кайрылдыВенесуэлада кош зилзаладан каза болгондор миңге чукулдады Орусиянын мурдагы коргоо министри Сергей Иванов дүйнө салды