Кыргызстанда ушул жылы 283 сел кырсыгы катталды. Бул тууралуу 29-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) коргоо жана координациялоо башкармалыгынын жетекчиси Асан Сулайманов “Биринчи радионун” эфиринде айтты.
Анын сөзүнө караганда, анын ичинен эң көп Жалал-Абад облусунда – 89 сел жүргөн. Ош облусунда 83 сел кырсыгы болгон. Андан тышкары Баткен, Нарын жана Талас облустарында табигый кырсык көп катталган.
5-июнда сел суусуна кошулган баткак Балыкчы — Ананьево — Каракол автоунаа жолунун 92-чакырымында машинелерди басып калып, эки кишинин өмүрү кыйылган. (BTo)