Кыргыз өкмөтү күйүүчү майды коңшу өлкөлөрдөн да сатып алууну пландап жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү күйүүчү майды Орусиядан башка да өлкөлөрдөн ташып келүү жолдорун карап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

“Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев Адылбек Алешович бүгүн алтернативдүү жолдорду кароо боюнча жыйын өткөрдү. Коңшу мамлекеттерден жана башка өлкөлөрдөн күйүүчү майды камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди. Азыр бардык күч ошол жакка жумшалып жатат”, - деди ал.

Данияр Амангелдиев керектөөчүлөрдү күйүүчү-майлоочу заттар менен камсыз кылуу боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Орусиянын көптөгөн аймактарында жана Москва аннексиялап алган Украинанын аймактарында июнь айында бензин тартыштыгы байкалып, баа кескин кымбаттай баштаган. Буга украиналык дрондордун орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдары себеп болгону айтылууда.

Кыргызстан күйүүчү майдын 90-95 пайызын Орусиядан импорттогондуктан ушул тапта Кыргызстандагы айрым май куюучу жайларда АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы байкалаууда. Өлкөнүн жылдык керектөөсү орточо 1,5 млн тоннаны түзөт.

Кыргыз өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, солярканын баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланат. (BTo)

Дагы караңыз

Европада аптап маалында 1300 кишинин өмүрү кыйылдыВенесуэлада зилзаладан көз жумгандардын саны 1400дөн аштыБишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө салынган тыюу узартылдыЫсык-Көлдө кайырмак менен балык кармоонун баасы төмөндөйт“75чилердин каты”: жашыруун делген үч күбөнүн көрсөтмөсү окулдуТургунбек уулу “шайлоодо айрым талапкерлерге шарт түзгөн” деген сөздү четке какты