Президент Жапаров губернатор, укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Чолпон-Ата шаарында өткөн кеңешме.

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Анда мамлекет башчы айыл башчыларына муниципалдык кызматчы макамын берүү боюнча мыйзам кабыл алынганын, президенттин облустардагы өкүлдөрүн, акимдерди жана мэрлерди жылына эки жолудан кем эмес калк менен жолугушууларды өткөрүүгө милдеттендирген мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алганын айтты.

Андан тышкары акимдерди, алардын орун басарларын, мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын тең же төмөн турган кызмат орундарына үч жумуш күнүнүн ичинде сынактан өткөрбөстөн дайындоо тартиби киргизилгенин кошумчалап, бул мамлекеттик башкарууда кадрдык дайындоолордун ыкчамдыгын камсыз кыларын билдирди.

Садыр Жапаров райондорду кыдырганда көпчүлүк жерде комиссия түзүп туруп эле жергиликтүү бийлик чечип койчу маселелер көтөрүлгөнүн, бирок укук коргоо органдары, губернатор бири-бирине шылтап отуруп чыр-чатактардын көбү ырбап кеткен окуялар көп экенин айтты.

Президент апрель айында Ош облусунун, июнда Нарын облусунун райондорун кыдырып эл менен жолугушкан. Мындай жолугушууларда жергиликтүү тургундардын көбү таза суу, мектеп, бала бакча жетишсиздиги, укук коргоо органдары жана соттук иштерге байланышкан маселелерди айтышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстандын 104 миң 500 жараны Орусиянын “кара тизмесинде” туратӨкмөттө айыл чарба продукцияларын АКШга экспорт кылуу талкууландыКыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге чыктыБелгилүү кинооператор Сапар Койчуманов дүйнөдөн кайттыПутин Орусияда күйүүчү май тартыштыгы бар экенин моюнга алдыКадамжайдагы балдар үйүндө 11 жаштагы өспүрүм каза болду