Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Өкмөттө айыл чарба продукцияларын АКШга экспорт кылуу талкууланды

Эрлист Акунбеков менен Лесли Вигеринин жолугушуусу.
Эрлист Акунбеков менен Лесли Вигеринин жолугушуусу.

30-июнда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

“Ынтымак ордо” анда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кыргызстандык өндүрүүчүлөргө АКШ рыногуна чыгууга көмөк көрсөтүү, сертификация, фитосанитардык талаптар, сапат жана таңгактоо стандарттарына байланышкан маселелер талкууланганын билдирди.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы макулдашуу тууралуу сөз 2017-жылдан бери айтылып келет. Бирок азырынча ага кол коюла элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG