Президент Садыр Жапаров Эрлан Абдылдаевди Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматынан бошотуп Мажарстандагы элчи кылып дайындады.
Ушул эле күнү мамлекет башчы Талантбек Кушчубековду Кыргызстандын Мажарстандагы элчиси кызматынан бошотту. Ал 2021-жылы бекитилген.
Эрлан Абдылдаев 60 жашта. Ал 2012-2018-жылдары Тышкы иштер министрлигин жетектеген. 2020-жылы Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалып, 2022-жылдын февраль айында кызматтан алынган. (BTo)