Көл-Үкөк жайлоосунан төрт турист, жети өспүрүм коопсуз аймакка чыгарылды

Коопсуз аймакка чыгарылган туристтер.

2-июлда Нарын облусунун Кочкор районундагы Көл-Үкөк жайлоосунан төрт чет элдик турист жана жергиликтүү жети өспүрүм коопсуз аймакка чыгарылып, Кочкор айылына жеткирилди.

Бул тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 1-2-июль күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Кочкор районунда 9 көпүрөнү суу алып кеткен.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул жылы 283 сел кырсыгы катталды. 1-июлдун кечинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Арча Макс” конок үйүнүн короосун суу каптап, “Лукоморье” эс алуу жайынын имаратына сел кирген. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана акимдер жылына эки ирет эл менен жолугушатКыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айга жете турган кору барКиевде түндө урулган чабуулдан ондон ашык адам каза болду, 80дей киши жарадарСот Ташиев баштаган сегиз кишини төрт жылдан абакка кесип, пробация менен эркиндикте калтырды“75чилердин каты”: Дыйканбаев бийликти басып алуу аракети болбогонун айттыАбдылдаев Кыргызстандын Мажарстандагы элчиси болуп дайындалды