АКШнын президенти Дональд Трамп ал үчүн Иран менен жарашуу соңуна чыкканын билдирди. НАТОнун Анкарадагы саммити учурунда мамлекет башчы ирандык жетекчиликти “алдамчылар”, “көз боемочулар” деп айыптады. Ошол эле маалда тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантып же улантпоо чечимин АКШнын делегациясы кабыл аларын кошумчалады. 7-июлдун кечинде аймакта соккулар жанданган. Жылдык саммиттин алдында Трамп европалык өнөктөштөр Иранга каршы согушта көмөктөшкөн эмес деп кайрадан сындады. Ал ошондой эле Украинадагы согуш жакын арада токтойт деп ишенгенин, эки тарап тең келишим түзүүнү каалаганын айтты.
АКШ - Иран: Трамп "элдешүү токтогонун" айтты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
АКШнын президенти Дональд Трамп ал үчүн Иран менен жарашуу соңуна чыкканын билдирди. НАТОнун Анкарадагы саммити учурунда мамлекет башчы ирандык жетекчиликти “алдамчылар”, “көз боемочулар” деп айыптады.