Вашингтон аймактагы эскалацияга Ирандын Ормуз кысыгындагы соода кемелерин аткылаганы алып келгенин айтууда. Тегеран кемелерди бутага алганын четке кагууда.
“Фарс” агенттиги бейшембиде түштөн кийин маалымдагандай, түштүктөгү Бушер портунда эки жарылуу болду. “Мехр” Бушер провинциясындагы Чокадак шаарында бир нече жарылуунун добушу угулганын жазды.
Ал арада чөлкөмдүн губернаторунун орун басары Бушер АЭСинин айланасына “америкалык дүрмөттөр тийгенин” ИРНА маалымат агенттигине билдирди. Ал жабыркагандар тууралуу маалымат түшө электигин, жеринде чукул кырдаалдар кызматынын өкүлдөрү иштеп жатканын кошумчалады.
Бейшембиде Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги соңку соккулардан эки түндө 14 киши каза тапканын билдирди. Мекеменин өкүлү Хоссейн Керманпурдун айтымында, 8-9-июль күндөрү өлкөнүн беш провинциясында 78 киши жаракат алды, көбү ооруканаларда кала берүүдө. Бул тууралуу анын Х тармагындагы постуна шилтеме менен бир катар маалымат каражаттары жазышты.
Бирок курмандыктардын арасында аскерлер барбы же жокпу белгисиз. Буга чейин Ирандын армиясы сегиз жоокери набыт болгонун маалымдаган.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Ираншехр чөлкөмүнүн губернатору аэропортко урулган соккудан бир киши мерт кеткенин билдиргенин жергиликтүү медиа кабарлады.
Ушул эле күнү Ирандын армия өкүлдөрү америкалыктардын соккуларына жооп кайтарылып, Кувейт, Катар жана Бахрейнге дрон соккулары урулганын билдирди.
Маалымат боюнча, Кувейтте Patriot системасынын ракеталарын атып түшүргөн жабдуу, Катарда аба чабуулдарын эскерткен система жана Бахрейнде кара май бактары жанкечти дрондор менен аткыланды.
Ок атышууну токтотуу макулдашылгандан кийин Тегеран биринчи жолу Катардагы жайларды бутага алды. Катардын бийлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Кувейттин Коргоо министрлиги бери дегенде бир киши жарадар болгонун, Ирандан атылган баллистикалык үч ракета, бир канаттуу ракета жана 10 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Чыгыш таануучу Никита Смагин “Свобода” радиосу менен маегинде ошол соккулары менен Иран Перс булуңундагы мамлекеттерге АКШга жардам бербеш керек деп ишарат кылууда деген оюн айтты:
“Израил Бириккен Араб Эмирликтери менен кызматташкан. Андыктан согуштун алгачкы жумаларында эң көп сокку эмирликке урулуп келген. Башка эч кандай себепти көрбөй жатам. Андан кийин Иран алар менен тил табышты. Соккулар ал жакка эмес, Бахрейн жана Кувейт өңдүү өлкөлөргө урула баштады. Бара-бара Сауд Арабиясына чабуулдар да токтогонсуду. Ал багытта да жең ичинен сүйлөшүүлөр жүргөндөй. Бири-бирине кандай убада беришкени бүдөмүк. Ушу тапта Перс булуңундагы араб мамлекеттери Тегеран менен АКШсыз эле тил табышуу аракетин көрүп жатканы байкалууда. Башкача айтканда ирандыктар менен америкалыктар өзөктүк программа, Ормуз кысыгын ачуу, активдерди камактан чыгаруу сыяктуу маселелерди талкуулап жатышат. Муну менен бирге чөлкөмдөгү өлкөлөр ал сүйлөшүүлөр кандай аяктабасын, Иран менен өз шарттарынын негизинде макулдашууга аракет көрүүдө".
9-июлда АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандагы 90 чакты аскердик бута аткыланганын билдирди. Анда айтылгандай, ал өлкөнүн Ормуз кысыгында соода кемелерине жана деңиз аскерлерине чабуул коюу дараметин алсыратуу максатында кошумча соккулар урулду.
Америкалык командачылык 5-6-июль күндөрү Ислам революциясынын сакчылар корпусу кысыктагы үч кемеге чабуул койгонун, муну менен атышпоо режиминин шарттары бузулганын айтууда.
Тегеран кемелерди аткылабаганын билдирген.
Иран парламентинин спикери жана АКШ менен сүйлөшүүлөргө катышкан делегациянын жетекчиси Мохаммад Багер Галибаф:
“Америка коркутуп-үркүтүү жана убадаларды аткарбоо олуттуу кесепеттерге алып келерин түшүнүшү керек”, – деп айтты.
Аткылашуу шейшембиде, НАТОнун Анкара саммити башталар алдында жанданган. Эртеси АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын жетекчилерин «калпычы», «көз боемочу» деп атап, ок атпоо макулдашуусу токтоду деп эсептерин эскерткен.
18-июнда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунда тараптар 60 күндүн ичинде согушту биротоло жөнгө салуу келишимин иштеп чыгууга тийиш деп белгиленген.
Ошол эле маалда Трамп тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантып же улантпоону америкалык чабармандар чечерин айтты.
Шерине