Көп күнгө созулган муссондук жаан-чачындардын айынан жүргөн сел жана жер көчкү Бангладештин түштүк-чыгышында кеминде 44 адамдын өмүрүн алды.
Рейтер агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берип жаратылыш кырсыгынын айынан 1 миллиондон ашуун адам жана 267 918 үй-бүлө сырткы дүйнөдөн бөлүнүп калганын жазды.
Жолдордун жуулуп кетиши жана көпүрөлөрдүн бузулушу кырсыктан жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү иштерине тоскоолдук жаратты.
Аскер кызматкерлери обочодо калган калктуу конуштарга кайыктар менен азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жана биринчи кезектеги зарыл буюмдарды жеткирип жатышат.
Ушул аптанын башында Кокс-Базардагы рохинжа качкындарынын лагерлеринде нөшөрдүн айынан жер көчүп, 16 адам, анын ичинде аялдар жана балдар каза болду. Рохинжалар — Мьянмада жашаган, негизинен ислам динин тутунган этникалык топ. Алар мекенинде буддисттердин куугунтугуна кабылышат.
Кокс-Базарда миллиондон ашуун рохинжа качкындары жашайт. Шаар бийлиги аларды кооптуу тоолуу аймактардан башка коопсуз жерлерге көчүрүп жатканын жарыялады.
Бангладештин метеорологиялык кызматынын божомолунда жакынкы күндөрү дагы жаан жаашы мүмкүн.