Украин дрондору 14-июлга караган түнү Краснодар крайындагы Афипский мунай иштетүүчү заводуна, Башкырстандагы "Газпром нефтехим Салават" ишканасына жана болжол менен "Роснефть-Опт" мунай базасына сокку урду.
Кубань облусунун ыкчам штабы Телеграм-каналдардын Афипский мунай иштетүүчү заводунда өрт чыкканы тууралуу маалыматын ырастады. Расмий билдирүүдө дрон сыныктары Афипский кыштагына, Смоленская станициясында жана Северский районунун Коваленко хуторундагы 16 дарекке кулаганы айтылат. Чабуулдан бир адам жабыркады.
Афипскийде жеке үйлөр, көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батир жана темир жол өткөрмөсүндөгү имарат зыян тарткан. Мындан сырткары, учкучсуз учактардын соккусунан улам жергиликтүү ишканалардын биринде өрт тутанганы кабарланды.
Башкырстанда Орусиядагы эң ири мунай иштетүүчү жана мунай-химиялык комплекстеринин бири "Газпром нефтехим Салават" ишканасы күйүп жатканын Украинанын Exilenova+ OSINT-каналы кабарлады.
Украиналык дагы бир мониторинг жүргүзүүчү Supernova+ каналынын алдын ала маалыматында, мунайды алгачкы иштетүүчү курулма (ЭЛОУ-АВТ-6) жана жогорку тыгыздыктагы полиэтилен чыгаруучу цех жабыркаган. Ал эми Astra басылмасы Салаватта "Роснефть-Опт" мунай базасына да чабуул жасалганын жазды.
"Настоящее время" белгилегендей, Башкырстандын башчысы Радий Хабиров Салаваттын өнөр жай аймагына сокку урулганын ырастады. Ал "атып түшүрүлгөн учкучсуз учактардын сыныктары кулагандыктан, бир катар жерлерден түтүн чыгып жатканын" билдирди.
Supernova+ каналынын маалыматында аннексияланган Крымдын Керчь шаарында, энергокөпүрөдө өрт чыккан. Азов деңизинин акваториясында Орусиянын "көмүскө флотуна" таандык танкерлерге кайрадан чабуул коюлган.
Орусия аннексияланган Севастополдун губернатору Михаил Развожаев энергетикалык инфраструктурага дрондор чабуул жасаганын билдирди. Шаардын бир бөлүгүндө жарык өчкөн. "Крымский ветер" Телеграм-каналы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен сокку Балаклава жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) тийгенин кабарлоодо.