Казакстанда бир үй-бүлөдөн төрт кишинин өлүмүнө шектүү өмүр бою кесилди

Султан Сарсемалиев.

Казакстандын Атырау облусунда сот Жангелдин айылында бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсүн өлтүрүүгө айыпталган Султан Сарсемалиевди өмүр бою абакка кести.

Айыптоо версиясына ылайык, Сарсемалиев адегенде чыр учурунда кайын агасын өлтүргөн. Андан кийин кылмышын жашыруу максатында кайнене-кайнатасынын да көзүн тазалаган.

Кийин дайынсыз жоголгон туугандарын издей баштаган балдызын да жок кылган.

Тергөө Сарсемалиев кайындарын өлтүргөндөн кийин маркумдардын телефондорун жана банк эсептерин колдонуп, алардын мүлкүн тескегенин аныктаган.

Ал ошондой эле алдамчылык, уурулук жана мал уурдоо боюнча күнөөлүү деп табылган.

Сарсемалиев акыркы сөзүндө бардык эпизоддор боюнча күнөөсүн мойнуна алып, өмүр бою эркинен ажыратуунун ордуна 25 жылдык жаза берүүнү өтүнгөн. Сот анын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Ал жазасын өзгөчө тартиптеги мекемеде өтөйт. Сот ошондой эле маркумдардын жакындарына моралдык зыян үчүн 40 миллион теңге төлөп берүүгө милдеттендирди.

Сарсемалиев менен анын жарандык никедеги жубайы 24-февралда Индонезияда кармалып, кийин Казакстанга жеткирилген.

Жубайы Мукангалиевага карата өзгөчө оор кылмышты жашырган деген шек менен жүргүзүлгөн иликтөө токтотулган. Тергөө анын кылмышка тиешеси бар экенин ырастаган далилдер табылбаганын билдирген.

Дагы караңыз

Кызматташынын жаагын сындыра урган чек арачы кармалдыАКШ Иранга каршы соккуларды улантты Өкмөт мунайды, күйүүчү майды Кыргызстандан сыртка чыгарууга тыюу салды